future agro challenge деген эмне?
Future Agro Challenge Кыргызстан - Кыргызстандын айыл чарба секторундагы көйгөйлөргө инновациялык чечимдерди тартуулаган идеяларды жана прототиптерди презентациялоого аянтча. Айыл чарба чөйрөсүндөгү эң мыкты инновациялык идеяны тартуулаган кыргызстандык топ Грециядагы Афины шаарына барып, биринчи орунга ээ болууга эл аралык топтор менен мелдешүүгө катышат!
Инновация жаңы, али сыналбаган нерсени билдирет! Ошентип, күнөскана куруу максатында негизделген ишканалардан табыштама кабыл албайбыз. Күнөскана куруп, ага кошумча кызык жана жаңы нерселерди жасаган ишканаларды жан-дилибиз менен кабыл алабыз!
Ал эмнени түшүндүрөт? Төмөднө инновациялык идеялардын мисалдары.
Айыл чарба чөйрөсүндөгү популярдуу стартаптардын кыска баяндоосу:
1) farmeron.com - сүт фермасынын чыгымдардын эсепке алуу, так ченин орнотуу жана жакшы финансылык натыйжага жеткирүү системасы;
2) vitalfields.com/ru/ - фермердик чарбасын башкаруу, ооруу өөрчүүсүн көзөмөлдөө жана аба ырайынын так болжолун берүү кызматтары;
3) farmlogs.com - айыл чарба жерлерин башкаруу үчүн картография кызматы;
4) granular.ag - талаа түшүмдүүлүгүн көзөмөлдөө кызматы;
5) http://www.mavrx.co - айыл чарба жерлеринин башкаруусун мыктылоо үчүн дрондорду жана жолдоштон тартылган жердин сүрөттөрүн колдонгон кызматы;
ИШ-ЧАРА
Качан? 20-21-июнь 2015-ж.
Кайда? "Угловой" коворкинг кеңсеси, Панфилов көчөсү, 116-үй, Линейный жолтоомунун (темир жол) кесилиши , Бишкек
Форматы? 20-июнда жана 21-июнда эртең менен мамиле куруу, техникалык билим жана видео жасоо боюнча семинар өтөт. Мелдешүү 21-июнда түштөн кийин башталат. Башка катышуучулар менен жарышуу үчүн, мелдешүү сиздерден мындай кыска видеону талап кылат. Демек, мелдешүүгө сиздер видео-роликтин даяр негизи же концепциясы менен келишиңиздер керек, өзүңүздөр болсо видео-роликти 20-июнда жана 21-июнда эртең менен жасоого даяр болушуңуздар керек. Же болбосо, мелдешүүгө эчак эле даяр видео-ролигиңиздер менен келсеңиздер болот.
КАДАМДАР
1. Табыштаманы англисче, кыргызча же орусча толтуруу. Табыштамалар 15-июнда саат 18:00-гө чейин кабыл алынат.
2. Жоопту күтүү. Табыштамаларды биз кабыл алуу ченөлчөмүнө салыштырабыз.
3. Бизнес-идеяңыз же бизнесиңиз жөнүндө видео-ролик жасоо (видео-ролигиңиз жок болсо).
4. Улуттук жюринин алдында идеяны тартуулоо. Идеяңызды англис, кыргыз же орус тилинде тартууласаңыз болот, бирок англис тилинде тартуулашыңызды өтүнөбүз анткени улуттук мелдештен утуучу болуп чыксаңыз, Грециядагы Афины шаарындагы эл аралык мелдеште идеяңызды англис тилинде тартуулаганга туура келет.
5. Идеясын Future Agro Challenge 2015 эл аралык мелдештин жюрисине тартуулаганга утуучу топко Грециядагы Афины шаарына сапар.
КАБЫЛ АЛУУ ЧЕНӨЛЧӨМҮ. Мелдешүүгө чакырууга чейин катышуучулар 10 баллдык шкала менен бааланат (1 - төмөн, 10 - мыкты). Эл аралык мелдешүүгө кабыл алуу ченөлчөмү жөнүндө толук маалымат алыш үчүн бул жана бул шилтеме аркылуу өтүңүз.
1. Бизнесиңиздин, бизнесиңиз чечкен агро-көйгөйдүн жана инновацияңыздын видео-баяны. Былтыркы эл аралык мелдешүүдөгү видео-баяндын мисалы. Даяр видео-материалыңыз жок болсо, табыштамаңызды анкетада берилген маалымат негизинде баалайбыз.
2. Эмнеге сиздин бизнесиңиз инновациялык жана ал Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү айыл чарба көйгөйлөрүн кантип чече алат? Сураныч: бизге кайрылар алды дүйнө жүзүндөгү агро-чөйрөнү изилдеп көрүңүз.
3. Сиздин тобуңуз. Иштин жайын билүү, компетенттүүлүк, пландаштыруу жана уюштуруу ыгы.
4. Концепция же патент эмес, минималдуу жашоого жөндөмдуу айкын продукт көргүбүз келет.
5. Бизнесиңиздин рыногунун (базарынын) көлөмү канча? Продуктуңуз канчалык чен-өлчөмдөлүнө алынат?
6. Бизнесиңиз Future Agro Challenge'тин негиздөөчүлөрү белгилеген айыл чарба темалардын бирине туура келиш керек; алардын тизмесин төмөднөгү "Темалар" атындагы текстте табасыздар.
7. Тобуңуздан жок дегенде бир адам англис тилинде идеяңызды тартуулай алышы керек - бул эл аралык мелдешүүнүн талабы, анткени ал англис тилинде өтөт. Тобуңузда англис тилинде сүйлөгөн мүчөңөр жок болсо, идеяңызды тартуулап бере турган тилди билген адамды табып алсаңар болот.
ТЕМАЛАР. Афины шаарындагы эл аралык мелдешүүгө катышууга уруксат алууга идеяңыз төмөндөгү темалардын бирине туура келиш керек:
"Дайыма көк" практикалар: Глобалдык көйгөйлөргө чечим табуу максатында иштеп чыгарылган инновациялык айыл чарбаны жүргүзүү методтору. Тузсуз сууну сарамжалдуу пайдалануу технологиялары жана процесстери, парник газдарынын чыгындысын азайтуу, азот жана фосфор жер семирткичтерин колдонууга альтернативалар, биотүрдүүлүктүү сактоо, жаңыртылып туруучу энергия булактарын жана айдалуучу жерлерди эффективдүү колдонуу технологиялары.
Азык-түлүк жана саламаттык: Кардарларга жагымдуу азык-түлүк варианттарын тартуулоо. Түрдүү азык-түлүктөрдү тартуулоо жана саны өсүп бара жаткан калктын глобалдык көйгөйлөрүн чечүү.
Агро-логистика: Айыл чарба продукциясын сактоосун жана аны фермадан вилкага чейин ташуусун жакшыртуу. Оруу-жыйноо мезгилинен кийин калган калдыктар менен чыгымдарды азайтуу үчүн оригиналдуу чечимдер, азыктуулукту жана азыктын ток алып жүрүүчү сапатын сактоо, кардарларды кеңири жеткиликтүүлүк менен камсыз кылуу.
Фермерлердин кирешелери: Түшүмдүүлүктү жакшырткан, табигый жана өндүрүштүн кошумча продуктысын альтернативдүү колдонуусун жайылткан, жыйноо мезгилинен кийин калган калдыктар менен чыгымдарды азайткан, азык-түлүк коопсуздугун чыңдаган жана айыл чарба өрөн жайын башкарууга жаңы инструменттерин тартуулаган идеялар.
Билим: Айыл чарба өнөр жайы ыңкылабына, айрыкча инновациялык көз караш аркылуу туруктуу өнүгүүнү өбөлгөлөөгө жана экологияга терс таасир этпеген методтор тууралуу кабардар болгондукка салым кошкон программалар жана инструменттер.
Агро-туризм: Жаратылыш сапар түрдөгү айыл чарба бизнесине кардарларды тартуу боюнча инновалиялык жолдор. Айылдык дем алышты, баамдалган азыктануу жана активдүү жашоо мүнөзүн илгерилетип, секторго жаңы багыт көрсөткөн кардарлар айыл чарба жана фермердик иш-аракеттерине катышуу боюнча сунуштары.
Коопсуздук жана саламаттык: Кардарлардын же айыл чарба жана өндүрүш жумушчулардын саламаттыгын жакшырткан продуктылар же практикалар.
Таңгак (упаковка): Кардарларды өзүнө тарткан дизайн, айыл чарба продукциясында жана жабдууларында биологиялык жол менен чириген материалдарды жана башка чечимдерди колдонуу.
Башка: Жогоруда айтылбаган, бирок айыл чарба бизнесине оң таасир эткен идеялар.